Унааны 22 миң долларга сатып алып, акчасын бербей жүргөн Сузактагы жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

Алдамчылык боюнча издөөгө алынган Сузак районунун жашоочусу, жергиликтүү кеңештин депутаты колго түштү. Бул тууралуу 28-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2014-жылдын июнь айында С.К. аттуу жаран бирөөнүн Субару Аутбэк үлгүсүндөгү унаасын 22 000 доллага алып, акчасын бербей белгисиз тарапка кетип калган. Өткөн жылы апрель айында кылмыш иши козголуп, С.К. издөөгө алынган. 26-январда милиция кызматкерлерине изделип жаткан жаран Бишкек шаарындагы Шопоков көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашап жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 1973-жылы туулган С.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Arslan12
2016-01-28 13:02:44
Депутат ишин кылбай эмне жашынып журот
0
Parish
2016-01-28 13:14:34
Такси айдаап элдин мнениесин
уккусу келип жаткандыр.
+4
bekos2012
2016-01-28 14:05:38
Субару Аутбек 22000 доллар турабы?????
+1
Er-jurok
2016-01-28 14:41:56
bekos2012,ошону айтамда,22000$ тан калычтуу баа!
+1
AlbertEnshtein
2016-01-29 05:01:43
Er-jurok, жаныдыр да
0
dasta
2016-01-28 14:54:25
Жергиликтуу депутат деп жатпайбы ноормалноо окусанар
-2
zoichka
2016-01-28 17:27:39
Кенебес экен да мындайча айтканда
0
Taalai94
2016-01-28 18:16:15
Аутбек коп болсо 10000$ турса керек. Анан жапжаны болсо билбейм анда.
0
alas
2016-01-28 20:11:58
22 мин доллага болуп калыптыр долларга болбойбу же мен адашып атамбы супер Инфо
0
novayariga
2016-01-28 21:30:39
Ашыгы менен толоткондун аракети го. Руль ортосунда болсо деле анча турбайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан