Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал оор жаракаттардан каза тапты

Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетип, оор жаракаттардан улам ал каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 27-январь күнү саат 07:50 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 22-чакырымында болгон. Анда Мицубиси Спэйс Стар үлгүсүндөгү унааны башкарган 20 жаштагы Г.Ю. аттуу айдоочу 60-65 жаштар чамасындагы жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Оор жаракаттардан улам ал окуя болгон жерден каза тапкан.

Бул факт боюнча соттук-медициналык, техникалык экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina9384
2016-01-28 15:40:39
Кудайым сактасын кырсыктан жоо журуштон да коркуп калдык го абайлап журолучу. Жаткан жери жайлуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан