КРнын Эсептөө палатасынын инспектору мамлекеттик мекеменин кызматкеринен пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 28-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, М.А. аттуу инспектор мамлекеттик мекеменин башчысынын каржы-чарбалык ишмердүүлүгүндөгү эреже бузуулары боюнча акт түзөм деп коркутуп, андан 2 миң доллар талап кылган.
27-январда 900 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Эсептөө палатасынын кызматкери колго түшүрүлдү. Ал буга чейин 1100 доллар акча алганы белгилүү болду. Факт боюнча "пара талап кылуу", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.