Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам ар түрдүү жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Белгилүү болгондой, жол кырсыгы Степное айылында болгон. Анда Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унааны башкарып бараткан 30 жаштагы айдоочу каршы тилкеде келе жаткан Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааны сүзүп кеткен. Натыйжада Тойота Рав 4 үлгүсүндөгү унаанын Б.Д. аттуу айдоочусу жана М.Б. аттуу жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген.
Учурда унаалар айып пул төлөөчү жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.