Мамлекетке 200 миң сомдон ашуун зыян келтирилгени боюнча Манас райондук администрациясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Мамлекетке 200 миң сомдон ашуун зыян келтирилгени боюнча Манас райондук администрациясынын кызматкерлерине "ишенип берилген мүлктү өз эсебине өткөрүп алуу", "шалаакылык" беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы 28-январда билдирди.

Маалыматка караганда, Манас райондук администрациясынын жооптуу кызматкерлери 2014-2015-жылдар аралыгында "Восход" мейманканасынын эсеп дүмүрчөктөрүн жасалмалап, өздүк эсептерине 9300 сомду өткөрүп алышкан. Мындан сырткары шалаакылык менен райондук администрациянын кызматкерлерине 227 000 сом айлык акы төлөп берип, мамлекетке жалпы 236 300 сом зыян келтиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан