Казакстанда 2 жаштагы баланы ооруканага алып келаткан тик учак кырсыктап, 5 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, UP-MD 600-N үлгүсүндөгү тик учак Ушарал шаарынан Талдыркоргандын облустук ооруканасына катуу ооруп жаткан 2 жаштагы баланы алып келаткан. Тик учакта баланын 26 жаштагы апасы, аларды коштоп бара жаткан дарыгер-гематолог, фельдшер жана учкуч бар болгон. Алардын баары каза болгону аныкталды.
Учак Талдыкорганга жете электе аны менен байланыш үзүлгөн. Учакты издөөгө жүздөгөн адамдар тартылып, бүгүн Актум айылынан алыс эмес жерден саат 08:20 чамасында тик учактын калдыктары табылган.