Бүгүн, 28-январь күнү Ахунбаев жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болуп, жыйынтыгында 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, таңкы саат 05:25 чамасында Toyota Hilux Surf жана Toyota Wish автоунаалары кагылышып кеткен. Натыйжада 3 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге ӨКМнын Куткаруу кызматынын кызматкерлери барып, жабыркаган жүргүнчүлөрдү "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.