Бир катар уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 28-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга К.Элмира аттуу жаран кайрылып, №136-маршруттук таксиден белгисиз адамдар "Самсунг" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкенин айткан. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Нарын облусунун тургуну, 28 жаштагы Ш.Эдил кармалды. Анын буга чейин төрт жолу соттолгону белгилүү болду. Текшерүү учурунда анын жанынан 5 уюлдук телефон табылып, ал баарын уурдап алганын мойнуна алды.