Бишкекте МАИчини унаасында сүйрөп кеткен айдоочунун унаасы табылды, өзү изделүүдө

Бишкекте МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен айдоочунун унаасы табылды. Учурда унаанын ээсин издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева билдирди.

"Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин унаасынын капотунда сүйрөп кеткен айдоочунун өздүгү такталды. Анын унаасы кечээ табылып, айып пул төлөөчү жайга токтотулган. Азыркы тапта аны издөө иштери улантылууда",- деди А.Бекмурзаева.

Айта кетсек, кечээ интернетке айдоочу унаанын капотунда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин сүйрөп жүргөнү тартылган видео тараган. Анда айнектери караңгылатылган унаанын айдоочусу капотундагы МАИ кызматкерине карабай ылдамдыгын бирде жогорулатып, кайра жайдан айдаганы көрсөтүлгөн.

МАИчини тоготпогон айдоочунун кылыгы
МАИчини капотунда сүйрөп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
aselushka
2016-01-29 10:11:35
эркек экен дейсинер анда эмне качып журот?.кичине маданияттуу комент жазсанар.эркек эмес эле тарбиясы жок акчага копкон ХХХ.
+7
admin_superstan
2016-01-29 11:18:38
aselushka,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
nurkasym-2014
2016-01-29 10:12:42
Атайын жасагандай болуп турат.
-1
Nasi1981
2016-01-29 10:20:48
ХХХ Жеткен жапайылык.
+3
admin_superstan
2016-01-29 11:19:50
Nasi1981,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
Abdurahman
2016-01-29 10:31:33
Атанкоруу... ана сага кутургандык. Эми шорун шорподой кайнайт го крышан эле кучтуу болбосо
+6
Sezim.A
2016-01-29 10:41:33
Крышасы кучтуу учун машинасы гана табылды да,акыры ошол машинанын документинде тастыктоочу куболук болот ко айдоочунун.Ишенгени бар учун судуроду да аны,карапайым эл ГАИни узааактан коргондо эле уже даярданып келет токтотсо керек деп,документин ырастап,дагы билбейм жеке оюм.
+10
kama_future_millioner
2016-01-29 10:54:23
Мыйзамды ар бир адам сыйлаш керек ад антиип озум билем отугум торго илем кылбай. Жазасын алсын ошол айдоочу
+3
KUMKA
2016-01-29 10:55:25
Ал айдоочу уже больницада ооруп жатып калса керек.Оор операция кылыш керек болуп,срочно чет олкого чыгып дарыланып келбесе болбойт деген заключения даярдатып ата энеси чуркап журсо керек.
+8
tynystan
2016-01-29 11:05:27
ХХХ
0
Eliza761024
2016-01-29 11:07:02
Молодец!!!гаишниктен да откон кыйындар бар экендигин билип журушсун!!!
+1
Sayragul
2016-01-29 11:12:20
Бул айдоочуну катуу жазалоо зарыл. Мыйзамга баш ийбеген, бул кандай акылсыздык. Маина табылса, кимдики экендиги ачык болот го.
+2
Abdurahman
2016-01-29 12:35:46
Sayragul,Туура айтасын катууу жаза корбосо мындайлар дагы коп кайталанат жана ГАИни эч ким тоготпой калат.
+1
omuke8993
2016-01-29 11:32:44
Э бул ГАИлерге аз болсун булар адамдарды козго илбей калган озу мыйзамды бмз элдер сыйлайбыз эле бирок булар акча алыш учун эле токтотот
+4
mirlan15
2016-01-29 12:12:01
Гаилерди мен кудай деп билем, канча жолу правиланы бузбасам даны эптеп бир кычык таап канча ырыскымды алышкан и дагы деле.
+2
Samat-89-kg
2016-08-03 00:47:06
mirlan15, ошону айтсан мен канча жолу толодум акча правиланы бузбасам деле..
0
admin_superstan
2016-01-29 12:37:58
tynystan,
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
0
jibew
2016-01-29 13:06:31
МАИчилер элдин ошончолук кыжырына тийген ошол учун видеого тартып мазактап кулушкон. Тескерисинче МАИ кызматкери жонокой жаранды элдин козунчо ошентип капотуна суйрой турган болсо элдин ташбаранына калмак. Молодец экен суйрогон адам. Мындай бардыгынын эле колунан келе бербейт.
0
Kastarbek
2016-01-29 13:15:26
Кармалды, эми киргизип алып анын газын басышат өкүртүп. Өзүнөн корсүн, тамчыдай нерсени океан кылып алды. Жакшына кечирим сурап койсо бүтсө керек эле....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан