Жайыл районунда күйүүчү май ташыган унаанын чиркегичи оодарылып, 8 тонна күйүүчү май төгүлүп калды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 85-чакырымында Хово үлгүсүндөгү май жүктөп бараткан күйүүчү май ташыган унаанын 10 тонналык чиркегичи оодарылып кеткен. Анын кесепетинен 8 тонна май төгүлүп калган. Учурда окуя болгон жерде өрттүн чыгып кетүүсүн алдын алуу максатында өрт өчүрүүчүлөр нөөмөттө турушат.