Белгилүү адвокат Икрамидин Айткуловдун уулу 2 жылга эркинен ажыратылды

Белгилүү адвокат Икрамидин Айткуловдун уулу Азамат Айткулов алдамчылык кылмышы үчүн 2 жылга эркинен ажыратылды. Жогорку Соттон 29-январда кабарлашкандай, Азамат Айткулов 2014-жылдын 25-сентябрында өзү документалдуу түрдө ээлик кылбай туруп БМВ­ Х5 үлгүсүндөгү автоунааны Т.Н. аттуу жаранга саткан. Сатылган автоунаа үчүн 10 000 доллар алып, бирок "унаанын документ аркылуу тастыктаган ээси убактылуу жок болуп жатат" деп сатып алуучуга автоунааны каттоону создуктуруп келген.

2014-жылдын 16-октябрында "башкы келишим жазып берем" деп автоунааны Т.Н. аттуу жарандан алып, Р.А.И. аттуу жаранга күрөөгө коюп, андан 5000 доллар үстөк пайызы менен алганы айтылды. Жабырлануучуга 550 000 сом зыян келтирген. Мындан тышкары Азамат Айткулов 2014-жылдын ноябрында 2014-жылдын 10-декабрына чейин Лексус­ GX­470 үлгүсүндөгү автоунааны сатам деп А.Н. аттуу жарандан 10 000 доллар алып, жашырынып жүргөнү маалымдалды.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 8-сентябрындагы өкүмү менен Азамат Айткулов "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылган. Өкүм чыкканга чейин анын баш коргоо чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, жаза өтөө мөөнөтү 2015-жылдын 9-августунан бери эсептелет.

Жабырлануучулар Т.Н. аттуу жаранга 550 000 сом, А.Н. аттуу жаранга 600 000 сом өндүрүлгөн. 2015-жылдын 8-декабрында Бишкек шаардык соту 2015-жылдын 8-сентябрындагы Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Азамат Айткулов 1987-жылы 26-июнда Ош шаарында туулган Кыргыз Республикасынын жараны. Жогорку билимдүү, бир баланын атасы. Убактылуу эч жерде иштебейт. Соттолуучунун атасы Икрамидин Айткулов кылмыш иши козголгон экс-депутаттар Карганбек Самаковго, Камчыбек Ташиевге жана башка белгилүү чиновник, саясатчыларга адвокаттык кылганы белгилүү. Учурда мурунку прокуратура кызматкери Канжар Кадыралиевдин жактоочусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Aika96
2016-01-29 10:13:41
2 жыл аздык кылат! Минимум 6-8 жыл бериш керек эле. Эми атасы белгилуу адвокат болсо соттун окуму да тушунуктууда.
+6
Rifle_2
2016-01-29 12:58:34
Aika96,белгилүү адвокат болсо, закондун тешиктерин таа чыгып, 2 жыл берилди да.
+3
anti_anti
2016-01-29 10:15:17
Обама Жанар Акаев менен А Шадиевди чайга чакырганы каяктани окусак болот
-8
Rifle_2
2016-01-29 12:59:50
Минусовать этпей жооп берсеңер болбойбу ? Суроону туура эле берген.
www.super.kg/mobile/kabar/news/136741/
-4
behappy74
2016-01-29 10:23:12
Атасы бироону жактаганча баласын кой ай десе болмок экен
+7
isko-nookat
2016-01-29 10:23:34
озгону койуп оз уулуна акыл насаат тарбиясын берсе болмок екен.
+5
naklysA
2016-01-29 10:28:57
Ошондо мен тушунбодум,2013жылдан бери камакта болсо,2014 жылдары кантип машинелерди сатып журот???
-1
Sezim.A
2016-01-29 10:37:23
Сырттан эле кесип койгондур да,адвокаттын баласы учун .
+4
Medina87
2016-01-29 10:52:05
Алдамчылыктан тапканы аш болбоптур да.
+2
expert.007
2016-01-29 12:11:35
Озунун баласын коргой албаптыр да
+3
gitaris93
2016-01-30 13:21:10
Эгер карапайым элдин баласы болгондо 10 жылдан нары бермек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан