Жер тилкесин ижарага берүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча Бишкек мэриясынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Бишкек мэриясынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери С.Б. аттуу жаран уруксаты жок жер тилкесине дүкөн куруп, ижара төлөбөй келгендигин билишкен, бирок эч кандай чара көрүшкөн эмес.

Мындан сырткары өткөн жылдын декабрь айында "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө", "Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүндө каттоодо турган жер тилкесин ижарага берүү укук тартибин бузуу жөнүндө" мыйзамдарына каршы келген иш-аракеттерге барып, бир объектти ижарага берүү боюнча келишим түзүшкөн.

Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан