Чет өлкөлүк ишкерлерден камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуудагы мыйзам бузуулар боюнча Кара-Суу райондук социалдык фондунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Социалдык фонддо кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу 29-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2012-2015-жылдар аралыгында фонддун кызматкерлери Кара-Суу районунда иштеген чет өлкөлүк жарандардан эреже бузуу менен төлөм кабыл алып турушкан. Ошону менен кээ бир ишкерлерге билдирүү жибербей, протокол түзүшкөн эмес. Мындан сырткары сот аткаруучуларына материалдарды жөнөтүшкөн эмес. Фонддун ички аудитинин актында жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде чет өлкөлүк ишкерлерден камсыздандыруу төлөмү катары 1 миллион 7,8 миң сом чогултулган эмес. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан