Бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековдун иши боюнча соттук отурум өтмөк. Соттук отурумга прокурор Асанаалы Иманбеков тараптан чакырылган күбөлөр толугу менен келишкен. Келдибеков өзү келбегендигине байланыштуу сот 11-февралга жылдырылды.
"А.Келдибеков көптөн бери ооруп жатат. Ал кечээ болгон соттук отурумга да ооруп жатып келген. Бүгүн ал ооруканага жаткырылышы мүмкүн. Ошол себептен соттук отурумду 11-февралга жылдырууну өтүнөм",- деди айыпталуучунун жактоочусу Татьяна Чильникина.
Судья жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, соттук кароону 11-12-февралга жылдырды.
А.Келдибеков 2015-жылдын 12-ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-депутат Ахматбек Келдибековду Салык кызматындагы иши боюнча актаган. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде күнөөлүү деп табылып, 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Бул өкүм боюнча Башкы прокуратура жогорку инстанцияга кайрылган.