Талас облусунун Манас районуна караштуу Жайылган аймагында кыргыз-казак чек ара режимин бузган жаран кармалды. Ал 20 баш ири мүйүздүү малды Казакстандан кыргыз жерине көзөмөл-өткөрүү жайы жок жерден өткөрүүгө аракет кылган.
Мындан сырткары Баткен облусунун Лейлек районундагы Майты аймагында чек ара режимин бузган эки тажик жараны кармалды. Кыргыз жеринин аймагында мал жайып жүргөн Тажикстандын жарандарына айып пул салынды.