Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 18 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 2, Ош шаарында 2, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Араван районуна караштуу А.Анаров айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда турак үйдүн 300 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, кире бериш бөлмөсүнүн 110 чарчы метр пластик шыбы, 2 куб желим челек, пахта, 4 тонна чөп күйүп кеткен. 57 жаштагы үй ээси К.Умаров жана 35 жаштагы кызы М.Умарованы нес абалында өрт өчүрүүчүлөр эшикке алып чыгышкан. Өрттүн келип чыгуусуна электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу себеп болгон.