Москва районунда айдоочу мас абалда жолго отуруп алган аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 06:50 чамасында Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 47-чакырымында болгон. Анда Мерседес Спринтер үлгүсүндөгү унааны башкарган айдоочу өз убагында унаасын токтууга үлгүрбөй, жол ортосунда мас абалда отурган аялды сүзүп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден каза тапкан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.