Таш-Көмүр шаарында 2016-жылдын 19-январында МАН үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунааны белгисиз адам уурдап кеткендиги тууралуу жергиликтүү милицияга кабар түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлгөн. Натыйжада унаанын ээсине 20 000 доллар материалдык зыян келтирилгени аныкталган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы 29-январда кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя катталгандан кийин “курчоо" операциясы жүргүзүлүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары ошол эле шаардын 1989-жылы туулган Н. Б. аттуу тургуну кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.