Ош облусунда мөмө-жемиш ташыгандардан акча талап кылган бажы инспекторуна карата кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу 29-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облустук прокуратурасына К.К. аттуу жаран кайрылган. Ал өкмөткө караштуу Бажы кызматынын өкүлдөрү Ноокат районунун аймагында Ош жана Баткен шаарларынан мөмө-жемиштерди ташыгандарды токтотуп, акча талап кылып жатышканын айткан.
Иликтөө иштеринин натыйжасында 3 миң сом пара алгандан кийин бажы инспектору О.Б. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, факт боюнча "пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган инспектор менен бирге жүргөн кызматкерлердин ишине да юридикалык баа берилет.