2015-жылы 8 "смотрящий", 1 "кеңешчи", 1 уюшкан кылмыш тобунун лидери кармалган

2015-жылдын 12 айынын ичинде уюшкан кылмыш топторунун издөөдө жүргөн 42 мүчөсү кармалган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, колго түшкөндөрдүн ону криминалдык чөйрөдө жогорку статуска ээ: 8 - "смотрящий", 1 - "кеңешчи", 1 - уюшкан кылмыш тобунун лидери. Ал эми бүгүнкү күндө уюшкан кылмыш топторунун 15 мүчөсү издөөдө.

"ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 479 кылмыштын бети ачылган жана 90 кылмышкер кармалган. Кылмыштардын түрлөрү боюнча: өлтүрүү жана кол салуу - 11, адам уурдоо, адам сатуу – 13, каракчылык – 35, опузалоо – 52, тоноо – 17, алдамчылык – 96, паракорлук – 10, уурдоо – 25, зордуктоо – 9 жана башка кылмыштар катталган",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
jibew
2016-01-30 11:43:33
"кенешчиси" да болот экен да ээ
+6
aikokul14
2016-01-30 12:18:16
Тооба,турмонун закондорунда билип бутмой болдук.
+8
gitaris93
2016-01-30 12:54:50
Киного окшоп баратат ко жашоо
+3
Medina87
2016-01-30 12:56:10
Вирт дуйно дегендей эле крим.дуйно деп ачык эле айтылып жатпайбы. Негизинде кылмыш чойросундогулор олко учун бир топ эле орду бар деп айтылып журбойбу. Лидер ё, кенешчи, топтор ал создорго жан бергенсийт.
+1
behappy74
2016-01-30 13:11:02
Мурда турмого отуруп келген киши уялып баш которуп эшке чыга албай калчу эле.Азыр кокурокту керип баатырдык кылып келгенсип чыгышат мактанып, мен лагерде жургондо дешип. Жаштар экинин бири жаргон менен суйлоп мактаныч коруп, ММКлардын ар бир экинчи макаласы криминал жонундо. Эмне заман болуп барат тушунбойм.
+10
Inna_91
2016-01-30 14:02:54
Тушунбодум
-3
banda.312
2016-01-30 17:47:04
Калп
-1
aruusha13
2016-01-30 19:36:52
аларда кочып кетет турмодон камаса..кенешчиси болсо
0
gulkar
2016-02-02 04:36:11
Зонада жатып алып,сыртты башкарышат экен да.Ал жактын закондору,тартиби сыртка караганда кучтуу экен.Главныйы как Султан Сулаймандай деп эле элестетем.Жанындагылар он колу-сол колу,кенешчи,телехранитель,стилист(дегендечи),шестёрка(шоха),повар,врач,гаремдери иши кылса Черный мирдин ханы да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан