МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен айдоочу кармалып, милициянын суроолоруна жооп берди

Бишкекте МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен айдоочу колго түштү. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Атыр Бекмурзаева билдирди.

"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткен айдоочу - 1993-жылы Нарын облусунда туулган Адилет Максүтов кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин "укук коргоо органынын кызматкеринин же аскер кызматкеринин өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. МАИ кызматкери ооруканада. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө",- деп айтылат маалыматта.

Суракта А.Максүтов милиция кызматкерлеринин суроолоруна төмөнкүдөй жооп берди:

"ЦУМдун жанында токтоп турсам, МАИ кызматкерлери келип документимди сурашкан. Ары жактан орун бошоп, ошол жерге унаамды токтотоюн десем, МАИчилер "Алдынан тос!" деп башташты. Бири келип капотко секирип, тапанчасын такады. Чочуп кетип, айдап кетип калгам. Жанымда эч нерсе жок болчу. Нес болуп калдым. Кылган ишиме өкүнөм".

Айта кетсек, 28-январь күнү интернетке айдоочу унаасынын капотунда Жол-кайгуул кызматынын кызматкерин сүйрөп жүргөнү тартылган видео тараган. Анда айнектери караңгылатылган унаанын айдоочусу капотундагы МАИ кызматкерине карабай ылдамдыгын бирде жогорулатып, кайра жайдан айдаганы көрсөтүлгөн.

МАИчини унаанын капотунда сүйрөп кеткен айдоочу суракта
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (67)
NADUW
2016-01-30 17:24:41
83ту адашып 93деп жазып алышканго.Маичилер деле акырын эле суйлошуп алышса болмок,кайра кайра интернетке чыгышып шерменде болвой,бирин атып кеткен,бирин суйроп кеткен,бирин уруп кеткен болвой.
+1
muras111211
2016-01-30 17:25:26
Кебетеси 93ж.эмес эле жантай чал го.ажап болду эми жатсын эс алып
+1
Aiko_92_29_08
2016-01-30 18:33:54
ХХХ ХХХ ХХХ... бир отоло
0
admin_portal
2016-02-01 16:52:05
Aiko_92_29_08 - эскертүү!
Этика нормаларын сактаңыз.
0
medina.
2016-01-30 18:36:12
Маанайды 5 кылдынар)))Куло берип.

93 эмес.Карып калыптыр го?
+1
Taalai94
2016-01-30 19:18:45
Гаишниктер баякында токтобой койгону учун бироону атып салышты элего. Муну атканга духу жетпей калыптырда.
0
mencen
2016-01-30 19:58:56
молодец дпс терге ушулда аздык кылат.
0
bolotbek91
2016-01-30 21:29:27
Крутой балаго озуно ишенген
0
zhykyo
2016-01-30 21:42:43
Семириптир да жаш туруп
0
Kroxa
2016-01-30 22:18:48
Колун менен кылганды мойнун менен тарт ал куну мас болсо керек качайын деп ойлоду да...
0
Mamat_ele
2016-01-31 01:00:43
100 000 штраф толотуш керек, ошондо озуно келет бул ))
0
Makain
2016-01-31 05:00:57
Эркек молодец пистолет такаганды эмне кылат. Аа жашы боюнча эт каймак сут ичкен жеген бала турбайбы ошол учун улуу корунот экен.
0
dinar-87
2016-01-31 09:36:53
,жакшы кылыптыр ошо Гаилерди 2оосун суйроп кетсе да раазы болот элем ошого да татыктуу болуп кетет кээде алар.
0
suku
2016-01-31 12:24:19
молодец капотто кетип баратканы азыркыга чейин коз алдынан Кетпей атса керек
0
Aiya-2012
2016-01-31 16:39:02
A mai kyzmatkerinin tapancha takagani kilmish emespi karapayim kalkka?!
oshol kizmatkerdi joopko tartish kerek birinchi. tabilbay ele kalgan tura.
jash balani shok kilip.
uyat mamleketti korgogondun orduna tapancha takap,kapotko jata kalip!
0
Gulnaz.GS
2016-02-01 06:15:29
Нарындагы кылыгы Бишкеке отпой калган го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан