2015-жылы жол эрежелерин бузган айдоочулардан республиканын бюджетине 404 миллион 478 миң сом түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын 12 айынын ичинде өлкө аймагында 7066 жол кырсыгы катталган. Бул көрсөткүч 2014-жылдыкына (7119 кырсык) салыштырмалуу 0,7 пайызга азыраак. 2015-жылы болгон кырсыктардан 1066 адам каза таап, 10 402 адам жаракат алган. "Жол эрежелерин бузуулар боюнча унааны мас абалында башкаруу - 13 694 факт, ылдамдыкты жогорулатуу - 80 357 факт, жолдун каршы тилкесине чыгуу, жол белгилеринин талаптарын сактабоо жана көчө кесилиштеринен өтүү эрежелерин бузуу боюнча 91 332 факт катталган. Унаа токтотуучу жайга 39 миң унаа жеткирилген",- деп айтылат маалыматта.