Бишкек. Соода борборунан бомба же жарылуучу зат табылган жок

Бүгүн, 30-январда Бишкектеги "Айчүрөк" ири соода борборуна бомба коюлгандыгы боюнча маалымат жалган болуп чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда жабылган жолдор ачылып, унаалар жүрө баштады жана соода борборунун кызматкерлерине имараттын ичине кирүүгө уруксат берилди.

Айта кетсек, бүгүн, 30-январда саат 18:00 чамасында белгисиз адам аталган соода борборунун күзөтчүлөрүнө бомба коюлганы тууралуу айткан. Мындан улам милиция, УКМК имаратты тинтүүгө алып, ичинде издөө иштерин жүргүзүшкөн. Имараттын айланасындагы көчөлөрдүн бөлүктөрү убактылуу жабылган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Sobr777
2016-01-30 22:11:37
Шугур
0
realmadrid32
2016-01-30 22:24:27
Белгисиз адамды таап жалган-кабар учун чоон бир нерселер кылуу к-к, муну биздин оз ишине жоопкерчиликтуу,"таза иштеген,корупцияга воощим аралашпаган" формачандар ото жакшы билишет...
+3
Medina87
2016-01-30 22:37:21
Кудайга шугур!
0
Kara-kulzha
2016-01-30 23:26:55
Казакстанда ушундай жалган маалымат берген аялды 5 жылга соттоп жиберген, биздеда ошондой кылыш керек!
+3
Moskva.kg
2016-01-31 00:23:07
Дурболонго салган адамды таап озуно бомба коюш керек
+2
ar4itake
2016-01-31 10:40:17
Кудай сактасын, эмкиде чын эле бомба коюлган болсо, ишенбей келбей коюшат эмеспи.
0
gulkar
2016-01-31 12:01:50
Кылаарга иши жок,от м-н ойногон,озунун кандай адам экенин жапайычылык жактан коргозгон адам да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан