Бишкекте өзүн өзү өрттөгөн адам ооруканадан каза тапты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.
Белгилүү болгондой, кечээ, 30-январда саат 10:20 чамасында Ленин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде 24 жаштагы жигит өзүнө бензин куюп өрт чыгарган. "Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Анын денесинин 90 пайызы күйгөн. Бүгүн, 31-январда саат 04:20 чамасында ал эсине келбей көз жумду",- деди Кубатбеков.