Ош облусунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 31-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:55 чамасында очогунда күчү 4-4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Алай районунун аймагында, Нура айылынан 20 чакырым түндүк-батышты карай, Кара-Киндик аймагынан 20 чакырым чыгышты карай, Сары-Таш айылынан 35 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3,5-4 балл жана Сары-Таш айылында 3 баллга сезилген. Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jetinur90
2016-02-01 13:30:52
Нурада бир нерсе барбы?
0
Elime
2016-02-01 21:50:17
Жер титиреди дегенди окусан эле журок зыркырайт.Кудайым боодо кырсыктардан сактаса экен.Элибизде, жерибизде тынчылык болсунчу!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан