"Күзгү мода жумалыгы-2012нин" жеңүүчүлөрү аныкталды

6-ноябрдан 12-ноябрга чейин Бишкекте өткөн "Күзгү мода жумалыгы-2012нин" жеңүүчүлөрү аныкталды. Жумалыкта көргөзүлгөн ар бир номинация үчүн дизайнерлер сыйланышты. "Чоң шаардагы стиль" номинациясында - Лякина Татьяна, "Трикотаждык чуу" номинациясында - Миргүл Арипова, "Заманбап этника" номинациясында - Жанара Чынгышова, Айпери Алымканова, "Авангард" номинациясында - Акылбек Төлөмүшов жеңүүчү аталышты. Ал эми баш байге "Күндүн токулган өңү" коллекциясынын дизайнери Дмитрий Павловго ыйгарылды. Эске салсак, баш байгени багындырган дизайнер Москвада жана Берлинде өтчү Дүйнөлүк мода көргөзмөсүнө катышуу укугуна ээ болот. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан