Ысык-Көл облусунда баңгизат менен 43 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 30-январь күнү баңгизаттарды сатууга аракет кылган Кичи-Жаргылчак айылынын И.И. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан жалпы салмагы 72 граммды түзгөн гашиш табылган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.