Сокулукта адам өлтүрүүгө шектелип Нурбек Арстанов изделүүдө (фото)

Сокулук райондук ички иштер башкармалыгы адам өлтүрүү фактысы боюнча шектелген Нурбек Арстановго издөө салат. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, 1986-жылы 10-декабрда Аксы районуна караштуу Кербен шаарында туулган Арстанов Нурбек Шарипбаевич Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча изделүүдө. Белгилери: бою 170-175 сантиметр, дене түзүлүшү арыгыраак, чачы кара.

Эгер кылмышка шектүү жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө (0312) 60-75-67, (0557) 21-64-21, (0701) 80-18-75, (0707) 66-76-50 телефон номурлары аркылуу билдирүү керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан