"Айчүрөк" ири соода борборунда жана "Мадина" базарында бомба коюлган" деп жалган маалымат берген адамдарды издөө иштери улантылууда

Борбор калаада 30-январь күнү "Айчүрөк" ири соода борборунда жана "Мадина" базарында бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген адамдарды издөө иштери улантылууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

"Бул маалыматтар тиешелүү кызматтардын кызматкерлери тарабынан текшерилип, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жалган болуп чыккан. Учурда иликтөө иштери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди. Ал маалыматтарды берген адамдардын өздүктөрүн тактап, аларды издөө иштерин жүргүзүүдө", - деди Б.Сейитов.

Айта кетсек, 30-январда саат 18:00 чамасында белгисиз адам аталган соода борборунун күзөтчүлөрүнө бомба коюлганы тууралуу айткан. Ошол күнү "Мадина" базарында да бомба коюлган" деген маалымат түшкөн. Милиция, УКМКнын кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшүп, эч нерсе табышкан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gulkar
2016-02-01 14:30:47
Табылып оз жазасын алсын. (щтраф м-н)
Бейбаш кылган кандай болоорун билсин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан