Бишкек-Торугарт унаа жолунда айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетип, ал каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 31-январда саат 21:45 чамасында болгон. Анда Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаанын 36 жаштагы Ы.Д. аттуу айдоочусу К.Н. аттуу жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Жабырлануучу оор жаракаттардан улам окуя болгон жерден каза тапкан. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.