Борбор калаада 30-январь күнү "Айчүрөк" ири соода борборунда бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалган маалымат берген адам Бишкек ШИИББинин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал 58 жаштагы Л.Николай экени аныкталган. Учурда ал камакка алынып, ага карата "терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул беренеге ылайык, кылмышка шектүү 3 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.