Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелип 29 жаштагы жаран кармалды

Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектелип 29 жаштагы Ысык-Ата районунун 29 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-январдан 30-январга караган түнү саат 02:00 чамасында Сокулук РИИБине Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринен адамдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында каза тапкан адам 1960-жылы туулган К.С. экени аныкталган. Маркумдун денесинен жаракаттар, ал эми бөлмөдөн спирттик ичимдиктер табылган. Кылмышка шектүү катары Ысык-Ата районунун 29 жаштагы Д.А. аттуу тургуну кармалган. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан