Токмок шаарында 38 жаштагы адам баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймактык милиция кызматкерлери тарабынан документтерин текшерүү максатында көчөдөн 38 жаштагы В.А. токтотулган. Анын документтерин текшерүү учурунда жанынан пакетке оролгон жашыл түстөгү белгисиз зат табылган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында ал жалпы салмагы 25 граммды түзгөн марихуана экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.