Ысык-Ата районунда "аял кишини себепсиз ур-токмокко алган" деген шек менен 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда аймактык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 41 жаштагы аял кайрылган. Анда ал белгисиз жаран аны себепсиз катуу ур-токмокко алганын айтып, ооруканага кайрылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 42 жаштагы Н.М. кармалган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.