Жамбыл облусундагы казак-кыргыз чек арасынан аткезчилик жолу менен 900 килограмм этти өткөрүүгө аракеттенген 34 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кыргыз жеринен Казакстанга бараткан чиркегичи бар жүк ташуучу унаа көзөмөл-өткөрүү жайынан текшерүүгө токтотулган. Аны текшерүү учурунда жалпы салмагы 900 килограммды түзгөн кой эти табылган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.