Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы 2015-жылга карата жыл жыйынтыгын чыгарып, өткөн жыл өтө оор жыл болгонун баса белгиледи. Аталган кызматтын маалыматында буга далил катары №50-СИЗОдон кылмышкерлердин качып кеткени көрсөтүлгөн.
Аталган кызмат өткөн жылы жаза өтөө мекемелериндеги кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралардын жыйынтыгында 929 кылмыштын алдын алган. Ошол эле учурда 43 кылмышка жол берилген. Кылмыштуулуктун бетин ачуунун пайыздык көрсөткүчү 67 пайызды түзгөн. Жалпысынан 2014-жылга салыштырмалуу кылмыштуулуктун саны 21ге кыскарган.