Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 1-февралда коррупция боюнча айыпталып жаткан экс-чиновник Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча соттук отурум өттү.
2015-жылы 27-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен "Данияр Нарымбаев 3 жылга, мурунку депутат Хажимурат Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылып, соттолгондор күчөтүлгөн режимде жаза мөөнөтүн өтөшүп, экөөнүн тең мүлктөрү конфискацияланат" деген өкүм чыккан.
Бүгүнкү соттук отурумда экс-мэр Нариман Түлеевдин уулу Бакыт суракка алынды. 7-май күнү саат 15:00 чамасында ал эжеси Назгүлгө телефон чалганда анын эжеси акча алып келүүнү айтканын билдирди.
"Мен акча таап, Ак үй тарапка алып келдим, бирок имаратка жакын барган эмесмин. Андан кийин акчаны Ак үйдө катчы болуп иштеген О.Плотниковага бердим",- деди Нариман уулу Бакыт. Эжеси экөөнүн сүйлөшүүсү кыска болгонун айтып: "Мен ал акчаны эжем Нарымбаевге берерин билген эмесмин, бирок шек санап жаткам", - деди ал.
Д.Нарымбаевдин жактоочусу күбө тергөө амалдарынын жүрүшүндө эжесине саат 17:30да чалганын, Биринчи Май райондук сотундагы отурумда саат 16:30да, ал эми бүгүн ал эжесине саат 15:30да чалганын айтып жатканын баса белгиледи. Ага күбө: "Мен эжеме чалганымдын убактыларын жазып алган эмесмин. Ошол себептен эстей албай жаткам",- деп жооп берди. Ал эми жактоочунун: "Акчалары кайсы жакта эле, кимдики болчу?"- деген суроосуна: "Бул үй-бүлөбүздүн акчасы болчу. Мен аны банктардын бириндеги сейфтен алгам",- деген жооп кайтарды.
Эске салсак, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.