Сокулук районунда тоноочулукка шектелип 2 жаран кармалды

Сокулук районунда тоноочулук фактысына шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 23 жаштагы Т.А. кайрылган. Анда ал 29-январь күнү жүк ташуучу унаасы бузулуп, Маловодное айылындагы ээн талаага унаасын токтотконун, саат 03:00 чамасында мас абалдагы белгисиз эки киши күч колдонуу менен аны тоноп кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Н.Р. жана 30 жаштагы Т.Ж. кармалган, аларга карата кылмыш иши козголуп, камакка алынышты. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sobr777
2016-02-02 09:21:23
Жакында кылмЫшкерлер кобоюп турмого батпай калчудай
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан