Ош облусунун Алай районунда уруксаты жок балык кармап жаткан тургундар кармалышты. Бул тууралуу 2-февралда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жаныбарларды мыйзамсыз атып, балык уулагандар боюнча рейд жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө Алай районунун Көлдүк айылында Айбек Жоошбеков, Бөрүбай Аттокуров, Жусупали Жумабаев аттуу тургундар өз алдынча уруксаты жок балык кармап жатышкан жеринен Экологиялык-техникалык инспекциянын Алай, Чоң-Алай аймактык башкармалыгынын экологиялык коопсуздук боюнча кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Натыйжада музду тешип коюлган 30 даана эки илгичтүү кайырмак тартылып алынып жок кылынды. Аталган жарандарга 10 миң сом суммасында айып пул салынып, административдик жазага тартылышты.