Бишкектин Бөкөнбаев-Исанов көчөлөрүндө октон каза болгон адам таанышынын унаасына отурганда аны атып кетишкен

1-февралда борбордогу Бөкөнбаев менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде атылып өлтүрүлгөн жаран Бишкек шаарынын тургуну, 1976-жылы туулган С.П. экени аныкталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Азыркы тапта факт боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын башына, далысына, төшүнө ок тийген. Белгилүү болгондой, маркум күндүз унааларда жүк ташуу менен алектенген ишканадагы таанышына келген. Алдын ала маалымат боюнча, саат 20:45 чамасында кызматкерлер ишканадан чыкканда С.П. аттуу жаран да ал жактан чыгып, таанышына тиешелүү Опель Астра унаасына отурган. Ок атылган учурда ишканадан чыгып келе жаткан унаанын ээси качып барып башка унаага отурган адамды көргөн. Өзүнүн унаасына келгенде таанышы октон жаракат алганын көргөн. Аны ооруканага алып келишкенде дарыгерлер жаракат алган жаран каза болгонун айтышкан.

Учурда окуя боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-баллистикалык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Yahoo
2016-02-02 11:53:12
адашып атып алганго
+2
Rifle_2
2016-02-02 12:26:53
Yahoo, таанышын атууга даярдангандар адашып атып алышы мүмкүн.
+2
zaika.tvo9.1990
2016-02-02 12:13:47
Адам атып өлтүрүш оңой эле болуп калды го.
+5
MIRAN
2016-02-02 12:24:46
Больницада албай кое беришет экен,менин иними да балдар муунтуп,кочого таштап коюшкан.Больницага алып барса моргко алып баргыла деп койгон.Ошентип 3 чу боль кабыл алган,ошондр да милициялар карагыда мен берем акчасын ата энесин тапканча деп ынаткан экен..
+3
Rifle_2
2016-02-02 12:28:21
MIRAN,Жаны чыккан адамды больница алалбайт. Анын жоопкерчилиги чң, анан да керектүү документтери баш оорутма. Оорукана негизи ооругандарды алат.
+5
Beksultan-007
2016-02-02 12:43:30
Шаардын ортосунда,кечки саат 9 дар чамасында тапанча мн уч жолу ОК атылып жатса. Безпредел!!!
+4
Umar080814
2016-02-02 12:45:01
Карап көрсөк баардык жаман иштер уурулук адам өлтүрүү,алдамчылык,тоноочулук мусулман элинде болуп жатат.Оо мусулман бир тууган ойлонолу.
+6
Beksultan-007
2016-02-02 12:48:32
Бизде тартип жок,мыйзам толук аткарылбайт,куч тузумдору жетишээрлик денгээлде иштебейт коррупция гулдогон. Биздин олко качан онолот.
+6
gulkar
2016-02-02 13:55:08
Кинодогудай болуп атышышуулар куч алды.
+2
Nasyrkg
2016-02-02 17:09:28
Мусулман олколору тээ алмустактан бери тынчыбай келет бир тууганым
+1
leonar
2016-02-02 18:26:45
Кылмышкер тезиреек табылып ордун тапсын, омиийн
+1
RaHat19
2016-02-02 18:51:08
крим дуйно болушу мумкун
+2
samsungc3
2016-02-03 02:23:37
ошон учун Кыргызстан азиядагы эн эркин олко деп табылдыда.Ар ким каалаганын кылып
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан