"Айдоочу МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткендеги көрүнүш өлкөдөгү мыйзамдардын жумшактыгынан кабар берет". Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда ИИМдин Башкы штабынын башкы инспекциясынын жетекчиси Гүлмира Баратова билдирди.
"МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткени жаман көрүнүш болду. Мунун негизги себеби - биздин мыйзамдардын жумшактыгы. Бирок мыйзам гана эмес, адамдын алган тарбиясынан, анын жашоого болгон көз карашынан да көз каранды",- деди Баратова.
"Былтыр калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгына кайрылсак, 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылы Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине ишенич арттыруу, алардын ишин канааттандыргандардын саны 20,4 пайыздан 67,2 пайызга өскөн. Өлкө аймагында аймактык тескөөчүлөрдүн саны көбөйтүлдү. Бул оң таасирин тийгизүүдө. Сурамжылоого катышкандардын 75 пайызы өзүнүн коопсуздугуна ишенгендигин билдирсе, суралгандардын ичинен 24,9 пайызы өздөрүнүн коопсуздугуна ишенбегендигин билдирген”, - дейт ал.