Нарымбаев менен Коркмазовдун иши боюнча кийинки соттук отурум 13-февралга белгиленди

Коррупция боюнча айыпталып жаткан экс-чиновник Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазовдун иши боюнча кийинки соттук отурум 13-февралга белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык соттун басма сөз катчысы Гүлмира Боталиева билдирди.

Кечээ, 1-февралда болгон сот отурумунда экс-мэр Нариман Түлеевдин уулу Нариман уулу Бакыт жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Элмира Иманалиеванын жардамчысы Ольга Плотникова суракка алынган. Бул иш боюнча соттук отурум 13-февралда улантылмакчы.

Эске салсак, Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган. Прокуратура жүргүзгөн тергөөнүн жыйынтыгында Данияр Нарымбаевге “пара алуу”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, ал эми Хажимурат Коркмазовго “пара алуу” беренеси боюнча айып тагылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
tursunbaev2016
2016-02-02 12:32:57
Мунапыс жарыялап бошотуп жибергиле
0
Rifle_2
2016-02-02 13:23:45
tursunbaev2016,ооруп калып чыкбайбы ?
0
Nurbol
2016-02-02 13:50:28
Бир жолу аппак болуп чыгат жакында
0
asad345
2016-02-02 15:04:25
Данияр Нарымбаев айлакер, жазасын алсын
0
Parish
2016-02-02 16:57:58
Канчалык кечиктирилсе ошнчолук
женил жаза алаары белгилуу да,ошо себептен чечимди кечиктирип
жатышат окшойт.
0
CHORO.66
2016-02-02 22:13:13
Чубактын кунундай чубалдыго,же карга карганын козун чукуй албай жатат.Бир карапайым жаран болгондо качан тагдыры чечилмек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан