2-февралга караган түнү өлкө аймагында эки ирет жер силкинди

1-февралдан 2-февралга караган түнү өлкө аймагында эки ирет жер силкинди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:33 чамасында Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын Фергана тоо кыркаларынын аймагында, Кара-Дөбө айылынан 15 чакырым түндүк-чыгышты карай, Байбиче айылынан 17 чакырым түндүк-чыгышты карай жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Кара-Дөбө, Байбиче айылдарында 3 баллга сезилген.

Ошондой эле 2-февралда Ош облусунда жергиликтүү убакыт боюнча саат 02:19 чамасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргыз Республикасынын аймагында, Ак-Жылга айылынан 10 чакырым түштүк-чыгышты карай, Кожо-Келең айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан. Жер титирөө Ак-Жылга айылында 3 балл жана Кожо-Келең айылында 2,5 балл болгон.

Алдын ала алынган маалыматтарга таянсак, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
bosmos777
2016-02-02 13:16:25
Жараткан сакта ! Кыргыз мамлекетимден, боодо кырсык кетсин!
+2
admiral
2016-02-02 13:33:42
Кудайым сактасынчы
+2
Decmond
2016-02-02 13:37:24
Кудай сактасын!!!
+2
Nusii
2016-02-02 14:38:25
Кудайым сактасын
+1
secretik
2016-02-02 14:44:29
Кудайым озун сакта. Пейилибиз бузулуп баратат
+5
aruusha13
2016-02-02 15:49:09
кудай сактасын жаратканымдын кандай берген жашоосун ошодо й коробуз пешенегеь жазганын акыркы убактарда жер коп титирей баштадыгоо.
0
men_da_kattaldym_xexe
2016-02-02 17:14:41
Пейлинерди ондогула деген белгиси жараткандын, Ош-Баткенде коп титиречу болду, митинг ситингди токтотуп, кудайлык откозуп кудай деп жашайлы.
0
Shat.88
2016-02-03 00:05:53
men_da_kattaldym_xexe,жер титироо мн диндин байланышы жок мындан млн.жыл мурун жер алдында плиталардын жылышуусунан жер ьитироо п.б Австралияда мындай процесс жургон эмес ал жакта жер титиребейт,анан кулкуну келтиресин да бала кезде ата энелерибиз жез кемпир тошогун кууп атат дечу эле кун куркуросо сен да ощондой болдунго .
0
Duko
2016-02-02 19:47:57
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан