Ош шаардык мэриясынын жана Билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 2-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын 16-июлунда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы өзүнүн имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн сынак жарыялаган. Анда "А.-С." аттуу ишкана жеңүүчү деп табылып, оңдоп-түзөө иштерин 919 миң сомго бүтүрүү боюнча келишим түзүлгөн. Өткөн жылдын август-декабрь айларында ишканага акча каражаты толук которулуп берилген.
Андан кийин Ош шаардык мэриясынын жана Билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери өз ара сүйлөшүп, оңдоо иштери жогоруда көрсөтүлгөн суммага жүргүзүлгөнү боюнча акт түзүшкөн. Текшерүү учурунда оңдоо иштери 563 887 сомго аткарылганы белгилүү болгон. Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ишенип берилген мүлктү өз эсебине өткөрүп алуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.