Бишкекте тоноочулук фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 2-февралда билдири.
Маалыматка караганда, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына 35 жаштагы борбор калаанын тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар азык-түлүк дүкөнүнүн эшигин сындырып кирип 35 миң сом акчасы бар касса жабдуусун жана 16 миң сомдук товарын уурдап кетишкенин билдирген. Окуя боюнча "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Сокулук районунун 23 жаштагы жашоочусу С.Г. кармалды. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.