Бишкекте адамдардын ишенимине кирип акчасын алган соң качып кеткен жаран кармалды

Бир катар алдамчылык фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы 2-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга С.З. аттуу жаран кайрылган. Ал стоматологиялык кызмат көрсөтүүнү убадалап, 9 миң сом акчасын алып качып кеткен чала таанышына карата чара көрүүнү суранган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алдамчылыкка шектелип борбор калаада жашаган 39 жаштагы Боров Хажимурат Борисович кармалды. Анын мындан башка да бир катар алдамчылык иштерге катыштыгы бар экени аныкталды. Ал көбүнчө улгайган адамдарды алдап келгени белгилүү болду.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандан жабыркагандар (0553) 102-403, (0554) 44-70-15, (0703) 73-62-72 номурлары аркылуу укук коргоо органдарына кайрылышса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
OMURBEK.
2016-02-02 14:20:52
кыргыз эмесго олду эми камалса зоонада тишин чагат
+2
leonar
2016-02-02 18:10:53
Ушундай алдамчылар жеткен кок мээ болушат, алдап кетсе кантип эле табылбай калсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан