Токтогул районунун жашоочусу 65 килограмм баңгизаты менен кармалды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочусу маңзат сактоого жана ташууга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы 2-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, 1-февраль күнү аталган райондун Сары-Камыш айылында беш мүшөккө маңзат салып, жылкыга жүктөп бара жатканда 25 жаштагы Ч.Р. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, ал 65 килограмм салмактагы марихуана экени белгилүү болгон. Чогултулган материалдар Токтогул райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gitaris93
2016-02-02 22:15:43
Тынч эле журбойбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан