Өзгөндө өз уулун атып өлтүрүп, неберелерин жарадар кылган факт боюнча иш сотко өткөрүлдү

Өзгөн районуна караштуу Зергер айылында атасы өзүнүн уулун атып өлтүргөн факт боюнча тергөө амалдары аяктап, райондук сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда SUPER.KG порталына Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Кыялбек Ныязбеков билдирди.

"Окуя боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесиндеги (адам өлтүрүү) кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин тергөө амалдары 2 ай жүрдү. 30-январь күнү бул иш боюнча тергөө амалдары аяктап, райондук сотко жөнөтүлдү. Тиешелүү экспертизалардын жыйынтыктары чыкты. Бул окуянын күбөлөрү суракка алынышты. Эми кылмышка шектүү кандай жаза аларын сот чечет",- деди К.Ныязбеков.

Айта кетсек, 2015-жылы 30-ноябрь күнү Зергер айыл аймагынын Жаңы-Айыл айылынын 47 жаштагы тургуну К.А. менен 28 жаштагы уулу К.Ж. экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Уулу үй-бүлөсүн алып кетейин деп 2 баласы менен унаага отурган учурда атасы жанына келип ок атуучу курал менен 2 жолу атып салган. Оор жаракаттан улам уулу окуя болгон жерден каза тапкан. Ал эми маркумдун 5 жаштагы уулу менен 2 жаштагы кызы денесинен жаракат алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kirgizstan
2016-02-02 15:05:37
Байкуштун мээсин чачырата койгонго. Кайда бармак эле айланып айланып кайра келмек да. атасында бир камчы бар окшойт
0
luna28
2016-02-02 15:43:01
Оз канынан жаралган баланы оз колу менен олтуру тозоктун тозогу го...
0
Titi
2016-02-02 15:50:36
Акыр заман ото жакын
+2
Gulya-2000
2016-02-02 18:07:13
Titi,туура айтасыз оз баласын кантип олтурду акмак десе акыр замандын белгисида бул эми ыйман берсинчи аллахым мал дуйно эмес ыйман беро гор жараткан аллахым
0
OMURBEK.
2016-02-02 16:27:48
соз жок мыйзам бойунча жазасын алсын 2 баласына жаман болуптур баарынан
0
ulash.kg
2016-02-02 17:23:18
Аллах баарыбызга нысап берсин,ыйман берсин
0
anjeli2007
2016-02-02 17:47:06
Алах баарыбыздын журогубузго коркуу берсин...
+1
Nendi15
2016-02-02 23:19:50
Адамдар туура жолдон адашпасак экен
0
Aigul-aigul
2016-02-03 02:26:06
Адамдар айбанга айланып бара жатабы?тооба кылдым!!!бироосу ак сутун берген апасын олтурсо бироосу оз канынан жаралган баласын олтуруп жатат!Адам баласы кайда бара жатабыз?!Аллах таалам Ар бир инсанга ыйман берсин!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан