Алтынбек Арзымбаев: "Эгер менин криминалга тиешем болсо, Алтынбек Сулаймановдой 250 миң долларлык унаа тээп жүрмөкмүн"

Интернетте жайылып кеткен видеодо Айсулуу менен сүйлөшкөн Алтынбек Арзымбаев бүгүн маалымат жыйын өткөрүп, "Алтынбек Сулайманов өзү криминалдардын лидери" деп билдирди. Эске салсак, "Республика" фракциясынын лидери А.Сулайманов Арзымбаевдин кримчөйрөдө “Жин” аттуу каймана аты бар экенин, ал “Ата Мекен” партиясы менен байланышта экенин айтып айыптап чыккан. “А.Сулайманов өзү «ОПГнын» лидери. Түштүктөгү күйүүчү-майлоочу жайларга, жүк ташууларга жана башкаларга байланышкан аткезчиликтин баарын көзөмөлдөйт. Анын Ошто 500дөй спортчу балдары бар. Ошолордун баары ушундай иштер менен алектенишет. Эгер мен криминалга тиешем болсо, Алтынбек Сулаймановдой 250 миң долларлык унаа тээп жүрмөкмүн”,- деди Арзымбаев. Мындан сырткары ал Айсулуу Дүйшөнкулова менен сүйлөшкөнүн тастыктап, бирок эч кандай видеого тартпаганын айтты. “Ата Мекен” партиясы менен да эч бир байланышым жок" дейт А.Арзымбаев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан