Борбор калаада "травматикалык куралды тартып алган" деген шек менен 20 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 33 жаштагы З.Виталий кайрылган. Анда ал белгисиз жаран Юнусалиев жана Суванбердиев көчөлөрүнүн кесилишинен күч колдонуу менен анын ИЖ-79-9т үлгүсүндөгү травматикалык куралын тартып алганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 20 жаштагы М.Раатбек кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.